Бүгүн, 12-апрель Эл аралык Авиация жана космонавтика күнү.
2018-жылы адамдын космоско болгон сапарына 57 жыл болду. 1961-жылдын 12-апрелинде Казакстандагы Байконур космодромунан “Восток-1” космос кемеси менен Советтик учкуч Юрий Гагарин учуп, космосто 108 мүнөт болгон. Дал ошол тапта Советтик учкуч кандай сезимдерди жашаганын төмөндөгү видеодон көрүӊүз.
Ал эми, Кыргызстандан космоско учкан алгачкы учкуч — Салижан Шарипов. Ал 1964-жылы Ош облусунун Өзгөн районунда жарык дүйнөгө келген. 1998-жылы 34 жашында «Endeavour» аталган космос кемеси менен Салижан Шарипов 8 күн, 19 саат 46 мүнөт космосто учкан.
Ошондой эле, Медицина илимдеринин доктору, академик Арстанбек Алтымышев иштеп чыккан «Арашан» бальзамы тарыхта космоско жөнөтүлгөн биринчи спирттик ичимдик катары кирген.