Өзбекстан Сох анклавында чыккан чыр боюнча кылмыш ишин козгоду

Автор -
251

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара кызматынын өкүлдөрү, район акимдери, айыл башчылар, прокуратура, укук коргоо өкүлдөрү жана суу-чарба департаментинин чек арага жакын аймактагы бөлүмүнүн өкүлдөрү 11-апрелде жолугуп, 10-апрелде болгон чырды бирге талкуулашкан. Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, тараптар Сох дарыясынын жанындагы «Ширеч» насостук станциясында кезиккен.

Белгилей кетсек, «Ширеч» насостук станциясынын кызматкери (КР жараны) өзбек жарандары тарабынан сабалган болчу.

Сох районунун прокурору насостук станциянын кызматкерин сабаган жаранга карата кылмыш иши козголуп, аны тергөө Өзбекстандын укук коргоо органдарына жүктөлгөнүн маалымдады.

«Сот ачык өтөт. Андан сырткары, козголгон кылмыш иши менен таанышуу үчүн документтер Кыргызстандын укук коргоо органдарына берилет. Жабыр тарткан КР жаранынын жакындары да тергөө менен тааныша алат», — деп айтылат маалыматта.

Өзбек тарап мындан ары насостук станциянын кызматкерлеринин коопсуздугун сактоо милдетин алды.

Бөлүшүү