Майрамыӊыздар менен! 12-апрель Авиация жана космонавтика күнү (ВИДЕО)

Автор -
1599

Бүгүн, 12-апрель Эл аралык Авиация жана космонавтика күнү.

2018-жылы адамдын космоско болгон сапарына 57 жыл болду.  1961-жылдын 12-апрелинде Казакстандагы Байконур космодромунан “Восток-1” космос кемеси менен Советтик учкуч Юрий Гагарин  учуп, космосто 108 мүнөт болгон. Дал ошол тапта  Советтик учкуч  кандай сезимдерди жашаганын төмөндөгү видеодон көрүӊүз.

Ал эми, Кыргызстандан космоско учкан алгачкы учкуч — Салижан Шарипов. Ал 1964-жылы Ош облусунун Өзгөн районунда жарык дүйнөгө келген. 1998-жылы 34 жашында  «Endeavour» аталган космос кемеси менен Салижан Шарипов 8 күн, 19 саат 46 мүнөт космосто учкан.

Ошондой эле, Медицина илимдеринин доктору, академик Арстанбек Алтымышев  иштеп чыккан «Арашан» бальзамы тарыхта космоско жөнөтүлгөн биринчи спирттик ичимдик катары кирген.

Бөлүшүү