Тогуз-Тородогу жагдайга байланыштуу райондун акими Тилек Идирисов кызматтан бошотулду. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
Эскерте кетсек, 11-апрелде Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда «Жи Эл Макмал девелопинг» компаниясынын ишмердигине каршы нааразылык акциясынын учурунда аталган ишкананын курулушу бүтө элек имараты өрттөлгөн.