Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Айнур Абдылдаева юстиция министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты. Абдылдаеванын талапкерлигин Жогорку Кеңеш 11-апрелде карап, колдоого алган.
Аталган министрликтин мурдагы жетекчиси Уран Ахметов өзүнүн берген арызынын негизинде 3-апрелде кызматынан бошотулган.