Жалал-Абаддын базарындагы өрттөн 41 ишкер зыян тартты

Автор -

Жалал-Абад шаарынын борбордук базарындагы өрттөн 41 ишкер зыян тартты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, учурда ишкерлердин өрт кырсыгынын материалдык чыгымдары такталууда.

«Өрттүн келип чыгуу себеби такталып жатат. Так аныкталган соң кылмыш ишин козгоо маселеси каралат, анткени 41 ишкердин мүлкү күйүп кетти. Базардын күйгөн бөлүгүндө эт, жер-жемиштер жана кийим-кечелер сатылган», — дешти ОИИБинен.

Эске салсак, кечээ, 13-апрелде Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарда өрт чыккан. Өрт саат 02:00 чамасында башталып, толугу менен саат 6:30 чамасында өчүрүлгөн. Күбө өрт өчүрүүчү унааларда суу жок болуп, өрттү өчүрүү үчүн эл аралашканын айткан. Ошондой эле ал «базарды бирөө атайын эле өрттөп кетти» деген оюн билдирген.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү