Айнур Абдылдаева юстиция министри болуп дайындалды

Автор -
239

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Айнур Абдылдаева юстиция министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты. Абдылдаеванын талапкерлигин Жогорку Кеңеш 11-апрелде карап, колдоого алган.

Аталган министрликтин мурдагы жетекчиси Уран Ахметов өзүнүн берген арызынын негизинде 3-апрелде кызматынан бошотулган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү