Индира Джолдубаева КРнын  Башкы прокурору кызматынан бошотулду

Автор -
285

Индира Джолдубаева  Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Президенттин аппаратынан билдиришти.

Маалыматта, Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пуктунун негизинде Джолдубаева Индира Ырысбаевна Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору кызматынан бошотулду.

Белгилей кетсек, 11-апрелде, Жогорку Кенештин депутаттары башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кызматтан алуу маселесин талкулап, Президент Сооронбай Жээнбековдун сунушун колдогон. Анда кызматтан кетүүсүнө 105 депутат добуш берсе, каршы — 2 добуш топтолгон.