2017-жылы Владимир Путин канча миллион киреше тапканы малым болду

Автор -
227

Россиянын президенти Владимир Путин 2017-жылы 18,7 миллион рубль тапкан. Ал эми мурдагы жылкы кирешеси 8,86 миллион рублди түзгөн болчу. Бул тууралуу Спутник маалымат агенттиги РИА Новости маалымат агенттигине шилтеме берип жазып чыкты.

Маалыматка караганда, документте 2016-жылы көрсөтүлгөн 1500 чарчы метрлик жер тилкеси алынып салынган.

“2015-жылы президент 8,86 миллион рубль тапса, 2014-жылы бул сумма 7,654 миллион рублге гана жеткен”, — деп айтылат макалада.

2017-жылга карата көрсөтүлгөн документке таянсак, Путиндин менчигинде 77 жана 153,7 чарчы мертлик эки батир жана «ГАЗ М21», «Нива» унаалары бар.