Атактуу кинорежиссер Милош Форман каза болду (ВИДЕО)

Автор -
228

Чехияда төрөлүп өскөн чех-америкалык кинорежиссер Милош Форман 86 жашында АКШда көз жумганын чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Формандын «Пролетая над гнездом кукушки», «Амадей», «Народ против Ларри Флинта» аттуу жана башка тасмалары «Оскар», «Алтын Глобус», «Бафта» жана башка абройлуу киносыйлыктарды жеңген. Режиссер эки жолу мыкты режиссерлук иш үчүн «Оскар» сыйлыгына, үч ирет «Алтын глобуска» татыган.

Милош Форман 1932-жылы ал кездеги Чехословакиянын Часлав шаарында төрөлгөн. Ата-энеси Экинчи дүйнөлүк согуш маалында фашисттик концлагерде каза болушкан. 1968-жылы Варшава келишимине мүчө мамлекеттердин аскерлери Чехословакияга киргизилгенде, Францияда кино тартып жүргөн чех режиссеру Форман мекенине кайтып келүүдөн баш тартып, кийинчерээк АКШга эмиграциялаган.

Кинорежиссердун жакындары ал жакында саламаттыгы начарлай түшүп, ооруканага жаткырылганын билдиришкен.

«Пролетая над гнездом кукушки» тасмасын көрүнү сунуштайбыз.

Полет над гнездом кукушки от melamoryt на Rutube.