Мас айдоочунун айынан 19 жаштагы кыз мүрт кетти

Автор -
213

Борбор калаанын Чүй проспектиси менен Тоголок Молдо көчөсүнүн кесилишиндеги жөө адамдар өтчү жол чийининен 25 жаштагы айдоочу жаш кызды койдуруп кетти. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, 19 жаштагы кыз алган жаракатынан улам кырсык болгон жерде көз жумган.

Айдоочу убактылуу кармоо жайына киргизилди.

«Болжол менен таңкы саат бештер чамасында Toyota Camry унаасы 19 жаштагы кызды кагып кеткен. Ал тез жардам унаасы келгенге чейин көз жумду», — деп айтышты милициядан.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар жүргүзүлдү. Наркологиялык анализдин жыйынтыгы боюнча айдоочу мас абалда болгон.

Бөлүшүү