Путин Сирияга кол салуу боюнча үн катты

Автор -

АКШнын жана анын тарапташтарынын Сирияга ракета менен жасаган чабуулдары абалды ого бетер курчутат деп билдирди Россиянын президенти Владимир Путин. Бул туурасында РИА Новости кабарлады.

Путин АКШ бул кадамы менен Сириядагы гуманитардык апаат менен жөнөкөй элдин азабын ого бетер күчөтүп жаткандыгын айтты.

«Эгерде чындап алып караганда элди жети жылдан бери эзип, кыйнап келген террорчуларды калкалап жатышат. Алар бул өлкөдө, дегеле аймакта качкындардын жаңы толкунун жаратууда», — деди Путин өз сөзүндө.

Кремлдин маалымат кызматы Россия Сирия мамлекетине АКШ жана анын тарапташтарынын агрессиялык кыймылын талкуулоо үчүн БУУнун Коопсуздук Кеңешинин отурумун өткөрүүгө чакырганын билдирди.

 

Бөлүшүү