Шашылыш билдирүү: Кыргызстанда 16нан 20-апрелине чейин аба-ырайы кескин өзгөрүлөт

Автор -
224

2018-жылдын 16нан 20-апрелине чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт,-деп билдирет Кыргызгидромет борбору.

Маалыматка ылайык, 13-14-апрелде жаап өткөн жаан чачынга жана аба ырайынын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу да сакталат.

Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. 16нан 20-апрелге чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы, 16-17-апрелде Ош, Жалал-Абад облустарында жана Ысык-Көл ойдуңун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, тоо этектеринде, тоолуу райондордо жана Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын күндүзгү температурасы абдан төмөндөшү күтулөт: Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 7…12° жылуулуктан 10…15° жылуулукка чейин, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 9…14° жылуулуктан 13…18° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу, Ысык-Көл жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында абанын температурасы төмөндөп 8…13°, тоолуу райондордо 2…7° жылуу, бийик тоолуу райондордо 0…-5° суук болушу күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

16-20-апрелинде туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал Абад жана Баткен областарындагы тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлөт.

Бөлүшүү