Эрлан Шеров дзюдо боюнча Азия Кубогунда “алтын” утту

Автор -

Кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров дзюдо боюнча жаштар арасында өткөн Азия Кубогунда жеңүүчү болду. Иш-чара Ташкентте өткөн. Бул тууралуу КР аталган спорттун түрү боюнча федерациясынан кабарлашты.

Турнир 14-15-апрель күндөрү болгон. Бардыгы болуп 14 жуп медаль ойнотулган.

Мелдештин биринчи күнү КРден барган дюздочу Бегай Бейшенаалы кызы (57 кг) жана Баяман Сагынбай уулу (60 кг) коло медаль утушкан.

Андан тышкары Анарбек Ишенбаев 90 кг салмактык категория боюнча коло медаль багындырган.

Шахида Нармухамедова (70 кг) экинчи орунду ээлеген.

Азия Кубогунун жыйынтыктоочу күнү Эрлан Шеров 81 кг салмактык категорияда алтын медаль уткан.

“Машыктыруучу Роман Кузьминди чын дилибизден куттуктайбыз жана биздин спортчуларга келечекте дагы көптөгөн жеңиштерди каалайбыз”,-деп билдиришти федерациядан.

Белгилей кетсек, Эрлан Шеров эл аралык дзюдо федерациясынын версиясы боюнча дүйнөдөгү күчтүү дзюдочулардын рейтингинде экинчи болгон.

Бөлүшүү