Фантастикалык «Терминатор» тасмасындагы башкы ролду Арнольд Шварценеггердин ордуна 35 жаштагы америкалык актер Гэбриел Луна ойномой болду. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.
Гэбриел Луна «Агенты Щ.И.Т.» сериалында арбак айдоочунун ролун жаратуу менен белгилүү болгон. Маалым болгондой тасма ушул жылдын жай айында тартыла баштайт. Сценарийи кандай болору азырынча белгисиз. Премьерасы 2019-жылдын 22-ноябрына пландалууда.
Тасманын режиссеру Тим Миллер буга чейин анимациялык фильмдерге кооздук кошуп келген. Анын дебюттук тасмасы «Дедпул».