Кыргыз Республикасынын сейсмология институтунун маалыматына ылайык 2018-жылдын 17-апрель күнү саат 12:32де Кыргыз Республикасынын аймагында очогунда күчү 3-3,5 баллга чейин жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Авлетим, Сыны жана Мукур айылдарында 3,5 балл, Кербен айылында 3 баллга чейин сезилген.
Алдын ала алынган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок.