Аба-ырайы: Бүгүн Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт

Автор -
350

19-апрелде түнкүсүн Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектеринде, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланат. Басымдуу аймактарда үшүк жүрүшү ыктымал. Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн, республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17;

Талас облусунда түнкүсүн 0…-2, күндүз 10…15;

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 1…6, күндүз 11…16;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-2, күндүз 8…13;

Нарын облусунда түнкүсүн 0…-2, күндүз 8…13;

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3°, күндүз 12…14° градус болот.