Бишкекте окуучуга кол көтөргөн мугалим жумуштан кетти (Видео)

Бишкектеги №20-мектеп-гимназиясында окуучуну башка чапкан мугалим жумуштан кетти. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

«18-апрелде окуяны иликтеш үчүн атайын комиссия түзүлгөн. Ага билим берүү башкармалыгы, райондук билим берүү борборунун өкүлдөрү, мектеп директору жана анын орун басары катышкан. Комиссия өкүлдөрү окуучу жана анын апасы менен сүйлөшүп, түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Окуучунун апасы эч кандай арыз жазган эмес. Ал эми мугалим өз эрки менен арыз жазып, жумуштан кетти», — деди басма сөз кызматынан.

Эске салсак, мугалимдин окуучуну башка чапкан видеосу социалдык тармактагы баракчаларга жайылып кеткен.

https://www.youtube.com/watch?v=MOPqiPIF0Bg