Бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулуп, жаңы өкмөттүн курамын, түзүмүн жана программасын бекитет. Алдын ала маалыматтар боюнча, бир нече кызматтарда өзгөрүүлөр күтүлүүдө.
Өкмөттүн болжолдуу курамы:
– Премьер-министр – Мухаммедкалый Абылгазиев
– Биринчи вице-премьер-министр – Кубатбек Боронов;
– Экономикалык маселелер боюнча вице-премьер-министр – Замирбек Аскаров;
– Коопсуздук маселелери боюнча вице-премьер-министр – Жеңиш Разаков;
– Өкмөттүн аппаратынын башчысы – министр – Мурат Мукамбетов; (ордунда калды)
– Социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр – Алтынай Өмүрбекова;
– Билим берүү жана илим министри – Гүлмира Кудайбердиева; (ордунда калды)
– Эмгек жана социалдык өнүгүү министри – Таалайкүл Исакунова; (ордунда калды)
– Тышкы иштер министри – Эрлан Абдылдаев; (ордунда калды)
– Маданият, маалымат жана туризм министри – Султан Жумагулов; (ордунда калды)
– Транспорт жана жол министри – Жамшитбек Калилов; (ордунда калды)
– Ички иштер министри – Кашкар Жунушалиев;
– Юстиция министри – Айнур Абдылдаева; (ордунда калды)
– Каржы министри – Адылбек Касымалиев; (ордунда калды)
– Экономика министри – Олег Панкратов;
– Өзгөчө кырдаалдар министри – Нурболот Мырзахмедов;
– Саламаттыкты сактоо министри – Космосбек Чолпонбаев;
– Айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министри – Нурбек Мурашев; (ордунда калды)
– Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы — Идрис Кадыркулов;
– Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы – Уланбек Рыскулов; (ордунда калды)
– Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы – Бакыт Шаршембиев;
– Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы – Эрлис Тердикбаев.