Ишемби күнү айрым жерлерде жамгыр жаай турганын Кыргызгидромет билдирди.
Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Апта аягында күн жылып, Чүй менен Таласта 20…25, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 21…26, Ысык-Көл, Нарында 15…17 градус болушу күтүлүүдө.
Бишкек менен Ош шаарларында күн ачык болуп, 22…24 градус жылуу болот.