30-апрель, дүйшөмбү күнү — Кыргыз өлкөсүндөгү мамлекеттик кызматкерлер эс алышат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 1-Май — Эмгекчилердин эл аралык күнү аптанын шейшемби күнүнө туура келгендиктен, 30-апрель дүйшөмбү күнү да дем алыш күн деп жарыяланды. Ал эми 30-апрель иш күнү болгондуктан анын ордуна 28-апрель иш күнү деп белгиленди.
Иш күндөрүнүн жылдырылышына байланыштуу өлкөдөгү 5 күн иштеген кызматкерлер 29-30-апрель жана 1-май күндөрү эс алышат.