21-апрелде Эл аралык Москва кинофестивалында кинорежиссер Айбек Дайырбековдун «Дарак ыры» тасмасы биринчи ирет чоӊ экранда көрсөтүлдү.
Эл аралык Москва кинофестивалынын программалык директору Кирилл Разлогов фестивалдын эң сенсациялуу тасмасы деп атады.
«Дарак ыры» бул жолку фестивалдын эң сенсанциялуу тасмасы. Эмнеге? Бул жөн гана Россиянын катышуусу менен тартылган кыргыз тасмасы эмес. Бул драма, мюзикл, блокбастер жанрларын өзүнө укмуштуудай кылдаттык менен камтый алган эмгек», — деди Разлогов.
Мындан тышкары, фестивалга катышкан ар бир тасмага катуу талаптарды койгон уюштуруу комитети, сынчылар, журналисттер жана режиссерлор фильм аяктагандан кийин ордуларынан туруп, узак убакыт бою кол чабышканы айтылды.
Тасма бүгүн кечинде «Березка» кинотеатрында кайрадан көрүүчүлөргө сунулат.
https://www.youtube.com/watch?v=AX2V9T5Xbbs