Сапар Исаков УКМКга чакырылды

Автор -
224

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков УКМКга күбө катары чакырылды. Бул тууралуу ал өзү билдирип, фейсбук баракчасына чакыруу кагазынын сүрөтүн жарыялады. Бирок эмне маселе боюнча чакырылганын ачыктаган жок.

Маалым болгондой, эгер Исаков бүгүн саат 15:00дө УКМКга жүйөлүү себеби жок барбаса, ал мажбурланып жеткирилмекчи.

Айта кетсек, 19-апрелде Жогорку Кеңеш Сапар Исаков баштаган өкмөткө ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган. Президент бул чечимге кол коюп, өкмөттү отставкага кетирген.

Бөлүшүү