Сапар Исаков КСДП партиясынын орун басары болуп дайындалды

Автор -
219

Сапар Исаков КСДПнын лидери Алмазбек Атамбаевдин орун басары болду. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде аталган саясий уюмдун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, саясий кеңештин мүчөлөрү орун басарлыкка Мурадыл Мадеминовдун, Асел Кодуранованын жана Сапар Исаковдун талапкерлигин карап, бир добуштан колдоп беришти.

Буга чейин КСДПнын лидеринин орун басары Фарид Ниязов болчу, ал «Апрель» коомдук фондунун директору болуп дайындалган.

Айта кетсек, 2018-жылдын 19-апрелинде Жогорку Кеңеш Сапар Исаков баштаган өкмөткө ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган. Президент Сооронбай Жээнбеков бул чечимге кол коюп, өкмөттү отставкага кетирген.

Кечээ мурдагы премьер-министр УКМКга Бишкек ЖЭБ боюнча суракка чакырылган. Ал сурактан чыгып, тергөөчүлөрдө анын президенттик аппаратта иштеген убактагы жумуштары боюнча кээ бир суроолор бар экенин билдирген.