«Соода борборуна жарылуучу зат коюлган» деген маалымат тастыкталган жок

Автор -
268

2018-жылдын 27-апрелинде түшкү саат 13-29да Бишкек шаарындагы “102” нөөмөт кызматына «Бишкек парк» соода-оюн-зоок борборуна жарылуучу зат коюлду деген маалымат келип түшкөн.

Маалыматка ылайык, имаратты жана ага жанаша аймактар текшерилип, жыйынтыгында кандайдыр бир шектүү буюмдарды жана жардыруучу заттар табылган жок.

«Учурда соода-оюн-зоок борбору мурунку калыбында иштеп, милиция кызматкерлери курчоодон алынды.  КР МУКК телефон чалган адамды аныктап табуу боюнча ыкчам-издөө иш чараларын улантууда»,- деп жазылат маалыматта.

Ошо менен бирге, КР МУКК баардык жарандарды сактыкка чакырат жана шектүү буюмдарды же заттарды байкап калса КР МУКК нөөмөт кызматынын 0(312) 660475, 0(312) 626504 же 102, телефон номурларына билдирип коюуусун эскертет.

Эскерте кетсек,терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасоо кылмыш жоопкерчилигине тартылуучу жосун жана КР Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренесине ылайык терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасаган адамга карата айып төлөө, түзөтүү жумуштары түрүндө же үч жыл эркиндигинен ажыратуу боюнча жаза каралган.