«Ак Илбирс — 2018» улуттук кино сыйлыгы өз жеңүүчүлөрүн тапты (Сүрөт)

Автор -
421

Кече, 27-апрелде «Ак Илбирс — 2018» улуттук кино сыйлыгы өз жеңүүчүлөрүн тапты.

Акыркы жылдары тасма чөйрөсүндө өз мыктылыгын көрсөткөндөр төмөндөгү сыйлыктарга ээ болду:

«Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүк тасмасы» — «Апамды издеп» (режиссеру — Руслан Акун);

«Мыкты монтаж» — Элдияр Мадаким («Апамды издеп» тамасы);

«Мыкты сүрөтчү» — Төлгөбек Койчуманов («Саякбай» тасмасы);

«Мыкты үн режиссеру» — Бакыт Ниязалиев («Саякбай» тасмасы);

«Мыкты компазитор» — Муратбек Бегалиев («Саякбай» тасмасы);

«Мыкты эркектин ролу» — Азамат Уланов («Апамды издеп» тасмасы);

«Аялдын мыкты ролу» — Таалайкан Абазова («Кентавр» тасмасы);

«Мыкты оператор» — Хасан Кыдыралиев («Саякбай» тасмасы);

«Мыкты сценарий» — Актан Арым Кубат жана Эрнест Абдыжапаров («Кентавр» тасмасы);

«Мыкты режиссер» — Актан Арым Кубат («Кентавр» тасмасы);

«Мыкты даректүү тасма» — Касиет Кубанычбекова («Оймок» тасмасы);

«Мыкты кыска метраждуу тасма» — Аскар Нуракун уулу («Киноман» тасмасы);

«Улуттук киноматографияга кошкон салымы үчүн» — Жамал Сейдакматова;

«Борбор Азия боюнча эркектин мыкты ролу» — Дулига Акмолда («Оралман», Казакстан);

«Борбор Азия боюнча аялдын мыкты ролу» — Шахзода Матчанова («Масума», Өзбекстан);

«Борбор Азиянын мыкты тасмасы» — «Оралман» (Казакстан, ружиссеру Сабит Курманбеков);

«Дүйнөлүк киноматографияга кошкон салымы үчүн» — Нуржуман Ихтымбаев (Казакстан)

«Мыкты тасма» — «Кентавр» (режиссеру — Актан Арым Кубат).