Кыргыз-Өзбек университетинин мугалимдерине жана студенттерине өзгөчө кырдаал учурунда сактануунун эрежелери үйрөтүлдү.
2018-жылдын 26-апрель күнү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери жеринде жарандык коргонуу жаатында окуу өткөрүлдү.
«Окутууда Жарандык коргонуу жана өзгөчө кырдаалдар боюнча жалпы түшүнүнүк, өзгөчө кырдаал келип чыккан учурда аракеттерине даярдыктары, өзгөчө кырдаал катталган учурда өзүн-өзү алып жүрүү эрежелери жана биринчи дарыгерге чейинки медициналык жардам берүүнүн жолдору үйрөтүлдү»,-деп айтылат мааылматта.
Белгилей кетсек, аталган окутуу Кыргыз-Өзбек университетинин ректору Ч.К. Райымбаевдин кайрылуу катынын негизинде өткөрүлдү.