Жалал-Абадда жер титирөө катталды

Автор -

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 22-октябрь күнү саат 11:49да Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарында 2,5 балл жана Кара-Чолок, Багыш, Михайловка айылдарында 2 баллга чейин сезилген.

Такталган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.