Кыргызстанда бир сутканын ичинде 8 өрт кырсыгы катталды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы билдиргендей, Бишкек шаары жана Чүй облусунда экинден өрт кырсыгы катталса, Ош, Талас, Нарын жана Жалал-Абадда бирден өрт чыккан.

«Жал кичирайонундагы үйлөрдүн биринде электр зымдары күйүп кетип, тилсиз жоого жеткирсе, Кара-Жыгачта үйдүн уктоочу бөлмөсүнөн өрт чыккан. Ошондой эле Кызыл-Арык айылында чөп өрттөнүп кеткен», — деп жазылат маалыматта.

Алдын ала маалыматтар боюнча, өрттөн жабыр тарткандар болгон эмес.

Бөлүшүү