Түндүк жана Түштүк Кореянын биринчи айымдарынын жолугушусу дүйнөлүк ЖМКларда кызуу талкууга алынууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын аялы Ли Соль Чжу менен Түндүк Кореянын президенти Мун Чжэ Индин жубайы Ким Чжон Сук демилитаризацияланган аймактагы Пханмунджом сүйлөшүү жайында тунгуч ирет жолугушту.
Кучакташып, кол кармашкан биринчи айымдардын сүрөттөрү интернет колдонучулары тарабынан жылуу кабыл алынды.
Белгилей кетсек, Түндүк Кореянын лидеринин Ким Чен Ындын жубайы Ли Соль Чжу чет элдик лидерлер менен алгачкы ирет жолугушту.