Жээнбеков Түштүк Кореянын президентине телеграмма жолдоду

Автор -

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-октябрда, Корея Республикасынын Президенти Мун Чжэ Инди жана өлкөнүн элин Корея Республикасынын түзүлгөн күнү менен куттуктады.

«Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы эки тарапка тең пайдалуу кызматташтык ырааттуу түрдө өнүгүп келе жатканын канааттануу менен белгилейм жана кыргыз-корей мамилелери мындан ары да эки элдин жыргалчылыгы үчүн кызматташтык жана достук нугунда өнүгө берет деп терең ишенем. Биз Корея Республикасынын Кыргызстандын демократия жана парламентаризм жолундагы өнүгүүгө багытталган аракеттерине көрсөткөн туруктуу колдоосун жогору баалайбыз. Кыргызстан эки тараптуу мамилелерди бекемдөө максатында мындан ары да Корея Республикасы менеÐ ½ жигердүү өз ара аракеттенүүгө умтулат», — деп белгиленген куттуктоо телеграммасында.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кореянын Президенти Мун Чжэ Инге бекем ден соолук жана ийгилик, ал эми достук Корей элине тынчтыкты жана өнүгүүнү каалады.

Бөлүшүү