Кабулда «Азаттыктын» ооган кызматынын журналисттери мерт болду

Автор -

Кабулдагы жардыруудан «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун ооган кызматынын эки журналисти курман болду. Абдулла Хананзай оператор болуп иштеген. 8-майда ал үйлөнгөнүнүн бир жылдыгын белгилемек. Оператор Сабавун Какар көбүнчө радикалдуу исламисттерин кол салуулары болгон жерде материалдарды даярдап турган.

Терактын дагы бир курмандыгы Мухаррам Дуррани «Азаттыктын» ооган кызматында 15-майдан тарта иштей баштамак. Ал аялдарга арналган берүүлөрдү даярдап турган. Маххарам Кабулдагы университетте окуган.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Томас Кент кесиптештеринин үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтты.

Жалпысынан теракт учурунда маалымат каражаттарынын 10 кызматкери набыт болду. Алардын арасында France Press агенттигинин фотокорреспонденти, 1TV, Tolo News жана Mashal TV журналисттери бар.

3-апрелде Ооганстан борборунда эки теракт болгон. Биринчисинде жанкечти АКШ элчилигинен алыс эмес жерде өзүн өзү жардырган. Окуя болгон жерге куткаруучулар жана журналисттер келген маалда дагы бир бомба жарылган. Кол салуу үчүн «Ислам мамлекети» террордук тобу жоопкерчилик алды. Кабулдагы кош теракттан кеминде 30дай киши мерт болуп, 50дөн ашууну жаракат алды.

 

Бөлүшүү