Токмокто убактылуу кармоочу жайдан үч өспүрүм качып кетти

Автор -
218

Токмокто убактылуу кармоочу жайдан үч жаран качып кетти. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан тастыктады.

Учурда Бишкек жана Чүй облустары боюнча «Перехват» иш мерчеми киргизилди. Кошумча маалыматтар учурда такталууда.

Убактылуу кармоочу жайдан качкандар:

Юсупахунов Руслан Гаширович 16 жашта, Токмок шаарынын тургуну, Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси (автомобилди же башка автотранспорт каражатын укукка жат түрдө ээлеп алуу) менен айыпталып жаткан.

Ворончихин Леонид Дмитриевич 18 жашта, Токмок шаарынын тургуну, Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (уурдоо) менен айыпталып жаткан.

Порошин Анатолий Сергеевич 17 жашта, Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен айыпталып жаткан.

Бөлүшүү