Акыйкатчы Жээнбековго Өмүрбек Текебаевге ырайым кылууну сурап, кайрылды

Автор -
235

Акыйкатчы Кубат Оторбаев Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго Конституциянын кабыл алынганынын 25 жылдыгына жана Адам укуктары боюнча жалпы декларациянын кабыл алынганынын 70 жылдыгына карата Омурбек Текебаевге ырайым кылууну суранып, кайрылды.

«Сооронбай Шарипович, Сизге Кыргыз Республикасынын Президенти катары, адам укуктары жана эркиндиктерин даңазалап, туу туткан Конституциянын кепили катары Баш мыйзамыбыздын кабыл алынганынын 25 жылдык мааракесинин урматына, Адам укуктары боюнча жалпы адамзаттык декларациянын кабыл алынганынын 70 жылдык датасына утурлай Өмүрбек Текебаевге ырайым кылып, бошотууну суранам. Бул кадамыӊыз Баш мыйзамдын 64-беренесинин 10-пунктунун 4-пунктчасындагы өз укугуңузду пайдалануу гана эмес, айкөлдүктүн,  даанышмандыктын салтанат курушу катары тарыхта калаары бышык»-деп билдирет Оторбаев.

Эске сала кетсек, «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана партия мүчөсү Дүйшөнкул Чотонов коррупция беренеси боюнча айыпталып, «Мегакомду» алардын пайдасына чечүү үчүн миллион доллар пара алган деп айып коюлуп, 8 жылга эркинен ажыратылган.