Кече, 2 –май күнү Элчи Кылычбек Султан Кореянын импортерлор ассоциациясынын башчысы Мьёнг Жин Шин менен жолукту. Бул тууралуу элчиликтен кабарлашты.
Мьёнг Жин Шин кыргыз тараптын Кореяга товарлардын көлөмүн көбөйтүү планында бар экенин айтты. Ошондой эле Кыргызстан экологиялык таза айыл чарба азыктарын жеткирүү менен эки тараптуу кызматташууну жогорулатууну сунуштады.
Ал эми, Кылычбек Султан Кореянын компанияларын Кыргызстандын айыл-чарба продукцияларын ВСП+ преференцясынын жалпы системасынын алкагында Европага экспорттоо үчүн биргелешкен ишкана түзүүгө чакырды.
Кореянын импортерлор ассоциациясынын башчысы чет элдик товар менен азык-түлүктөрдү Кореяга импорттоо боюнча иш алып баруу менен бирге, чет элдик компаниялар менен тыгыз иш алып барып, өлкөнүн ишканалары менен байланышты чыңдоого жардам берерин баса белгиледи.
Ал ошондой эле Кореянын имперторлор ассоциациясынын эксперттик тобун Кыргызстанга жиберүүгө макул экенин билдирип, «Import» аттуу белгилүү журналга Кыргызстандын товарлары, компаниялары тууралуу жана өлкөнүн экономикалык жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалыматтар чыгарын кошумчалай кетти.