Тажикстан: Кыргызстандын Тажикстандагы элчисине нота тапшырылды

Автор -
345

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Тажикстандагы элчисине чек арадагы окуяга байланыштуу нота тапшырды. Бул тууралуу «марал» жазды.

Маалыматка ылайык, кечээ, 17-сентябрда Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине чакырылган. Анда кыргыз-тажик чек ара аймактарында буга чейинки жетишилген макулдашууларга дал келбеген аракеттер жасалганын, кыргыз жарандары такталбаган жерге мыйзамсыз курулуш иштерин баштаганы тууралуу айтылып, катуу нааразылык билдирилген.

Белгилей кетсек, чек арадагы жаңжалга байланыштуу Тажикстандын Кыргызстандагы элчисине нота тапшырылган болчу.

Бөлүшүү