Эксклюзив. Режиссер Аскар Нуракун: Кинодо айымдарга чектөө койбош керек!

Автор -
802

«Ак илбирс» киносыйлыгынын лауреаты, көптөгөн Эл аралык фестивалдардын жеӊүүчүсү жаш кинорежиссер Аскар Нуракун уулу saat.kg агенттигине өзүнүн кино дүйнөсүндөгү жетишкендиктери, кыйынчылыктары, кыяларды менен бөлүштү.

-Алгачкы эле суроом «Ак илбирс» киносыйлыгын алам деп ойлодуӊуз беле?

— Мен буга чейин «Ак илбирс» киносыйлыгында уюштуруучу  болуп катышып жүрчүмүн анан сахнага чыгып сыйлык алган чыгармачыл адамдарга абдан суктанчуумун. Мен да ошолордой болуп сыйлык алууну кыялданар элем.  Быйыл ошол максатым орундалды. Өз мекениӊде эмгегиӊ бааланып, сыйлыкка татысаӊ, бул башка мамлекеттерде ийгилик жаратканда да башкача, өзгөчө сезим тартуулайт экен. Мен муну сахнага чыгып баратканда сездим.

-Бул сиздин канчанчы тасмаӊыз? Эмнеге мындай теманы тандап алдыӊыз?

-Мен кино талаасына келип иштеп баштагандан бери оператор, жарык берүүчү, уюштуруучу жана башка жактан өзүмдү сынап келгем. «Киноман» менин режиссер катары жараткан дебюттук кыскаметраждуу тасмам. Теманы тандоодо балачагым көз алдыма тартылып ошол кездеги сезимдери чагылдыргым келди. Бул менин жүрөгүмө жакын анткени, азыр технология заманы учурда бардык нерсени интернеттен көрүп алсаӊ болот, а буга чейин айылга кино келгенде жаш-кары дебей барып, билет алып көрчүбүз. Ошондо кино көргөн кызыктуу болчу (күлүп).

-Башкы каарманды кантип таптыӊыз? Абдан ширин бала экен.

-Рахмат, негизи кичинекей бала менин жээним болот (күлүп). Башында кастинг аркылуу башкы каарманды издедик. Анан айылдагы жээним эсиме түштү, анын бир аз жөндөмү бар болчу. Бирок,  мага окшоп тажрыйбасы жок (күлүп). Ошентип анын да менин да тушоом кесилди. Мактанбайм бирок, өз образын жогорку деӊгээлде ачып бере алды десем жаӊылышпайм.

-Тасма тартууда кандай кыйынчылыктар болот? Сизде кандай тоскоолдуктар болду?

-«Кино- кыйноо»,-деп айтып коюшат. Негизи кыйынчылык деген нерсе тасма аянтында сөзсүз болот. Бирок ошол кезде гана кыйналып кеттим, колуман келбей жатат деген ойлор келет. А тасманы тартып бүткөндө убагында кыйынчылык көрүнгөн нерсе болгону минуталык алсыздык экенин түшүнөсүӊ. Менин сьемкалык тобумдагы мыкты адамдар мага минуталык алсыздыкты сездирген жок. Аларга дагы бир ирет ыраазычылыгымды билдирем.

— Алдыдагы пландарыӊыз кандай?

-Бул менин өзүмдү-өзүм текшерүү баскычы болчу. Баскычтан ийгиликтүү өттүм деп да, өтпөдүм деп да айта албайм. Тасмамды көрүп анан баалашсын дебейинби (күлүп). Негизи тушоом кесилди, өзүмдүн катачылыктарымы түшүндүм  эми алдыда сөзсүз түрдө жаӊы тасмаларды тартам. Алгач кыскаметраждуу тасмалардын сапатын жогорулатышыбыз керек андан кийин толук метраждуу тасмаларды да тартып элге тартуулайм. Буга чейин оператордук кесипте өзүмдү сынап келгем эми экөөнү теӊ бирге алып кетсем дейм. Алдыга коюлган пландар мына ушундай.

-Жаӊы кино дүйнөсүнө кадам таштагандарга кандай кеӊеш бересиз?

-Негизи кино дүйнөсүнө келгендердин көпчүлүгү эмне каалаганын билбей калышат. Алар режиссер болууну эӊсеп келишет, бирок мен айтарым ар дайым бир нерсенин артынан жүрө бербестен ээринбей жаӊы эшиктерди ачып изденгиле. Азыркы тапта Кыргызстанда монтажерлор же топтоочулар аз андыктан өзүӊөрдү ошол багыттан да издеп көрсөӊөр болот. Анан кино дегенде  эле жалаӊ мырзалар иштеш керек деген түшүнүк болбош керек. Биздин кыргыз кинодо жаш айым режиссерлорда бар. Алар мыкты тасмаларды жаратып келет, андыктан кыздарга чектөө койбош керек. Кинодо ар бир адамга орун бар.  Баса жаш режиссерлор сөзсүз түрдө чет элдик режиссерлордун тасмаларын көрүп, анализ жүгүртүүнү унутпагыла.

-Кайсы тасмаларды сунуштайсыз?

-Мен тасмаларды көргөндө режиссерлорун жаттап кала албайм ошондой кемчилигим бар (күлүп). Мен сүйүп көргөн тасма «Любовное настроение» (реж. Вонг Карвай). Бул тасманы биринчи жолу көргөндө жан дүйнөм чындыгында ырахат алган (күлүп). Мындан сырткары «Цыпленок с черносливом» (реж. Маржан Сатрапи, Венсан Паронно), класикалык тасмалардын катарына кирген «Форрест Гамп (реж. Роберт Земекис) тасмасын чындыгында мыкты тасма деп эсептейм. Ананда адамдарга сабак болуучу, жан дүйнөсүн уйгу-туйгу ойго салуучу тасма деп «Человек — швейцарский нож» (реж. Дэн Кван, Дэниэл Шайнерт) тасмасын айтар элем. Аталган тасмаларды ар бир киношик көрүшү керек.

-10 жылдан кийин өзүӊүздү кандай элестетесиз?

-10 жылдан кийин кандай элестетем айта албайм, бирок, кандай адам болгум келет ошого жооп берейин (күлүп) Азыр кандай болсом ошондой болуп калгым келет. Анткени, көп адамдарды көрдүм жакшы адам, мыкты адам деп жүрөсүӊ анан убакыт өткөндөн кийин сен тааныбаган адам болуп өзгөрүп кетишет. Жакшы тарапка өзгөргөндөрү деле бар. Бирок, бала кездеги сезимдер, достук ошол бойдон калса дейм. Анткени, балачактагы достук азыркы кездеги достуктай бекем, таза боло албайт. Ошондуктан азыркыдай өзгөрбөй калгым келет.

— Кинотармагында эн чоӊ эӊсеген кыялыӊыз?

— Кино тармагындагы эӊ чоӊ кыялым кыргыз кино индустриясын өнүктүрүү, башка жактардан продюсер, инвестор алып келип, сапаттуу тасмаларды жаратуу. Бизде кинематография эски мектеп бойдон калган ошону жаӊылап, жаштарга кино тармагында шарт түзүп берүү. А менин жеке өзүмдүн кыялым «Dream team» деп коет эмеспи, күчтүү сьемкалык команда топтоо. Анткени, тасма аянтында ар кандай жагдай болот мына ошол кезде күчтүү, тажрыйбасы мол топ гана мыкты тасма жаратат. Учурда жаштар арасында да күчтүү кино адамдар бар мына ошолордон мыкты тайпа топтоп, кыргыз киносун өнүктүрүү менин эӊ чоӊ кыялым.

Бөлүшүү