Аскар Акаев, экс-президент: Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаров акталуу жолунда

Автор -

Экс-президент Аскар Акаев саясатчы Текебаев менен Жапаровду акталуу жолунда деп «Азия Ньюс» гезитине берген маегинде билдирди.

— Текебаев тууралуу пикириңиз кандай? Кулов менен байланышыңыз барбы?

— «Өмүрбек Текебаев Кыргызстандагы эң тажрыйбалуу депутат» десем жаңылбасам керек. Өлкө парламентинин ишинде ал дайыма өзүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп келген жана мыйзам чыгарууда олуттуу салым кошо алды. Акыркы жылдары саясый куугунттукка да туш болду. Эми анын, ошондой эле Садыр Жапаровдун акталып чыгышына жол ачылганын айтсак болот. Феликс Кулов менен тилекке каршы, эч байланышым жок. Бирок, жакында анын «Акаев өлкөгө кайтып келиши керек» деген пикирин угуп калдым. Сиздин суроодон пайдаланып, Феликс Шаршенбаевичке ыраазычылык билдирем жана жакшылык каалайм.

Кыргызстандын саясий тарыхында “Жоогазын ыңкылабы” деген ат менен белгилүү март окуясына быйыл 14 жыл толду. 2005-жылы 24-мартта нааразычылыгын билдирип чыккан миңдеген адамдардын күчү менен бийлик алмашып, 15 жыл бою мамлекет башында турган президент Аскар Акаевдин режими кулатылган. Толкундоолор марттын башында Жалал-Абадда башталып, өлкөнүн булуң-бурчуна жайылган.

Акаев мамлекеттен качып, Орусиядан башпаанек алган. Бийликке оппозициялык кыймылдын башчысы Курманбек Бакиев келип, 2010-жылдын 7-апрелиндеги ыңкылаптан кийин өлкөдөн чыгып кеткен.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү