Ысык-Көл: Уурдалган унаада арак ичип отурган шектүү 3 адам кармалды

Автор -

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынан Mercedes-Benz Sprinter унаасын айдай качкан адамдар Түп районунан Арал айылынан кармалышты. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, шаар тургуну машинасын белгисиз адамдар уурдап кеткенин айтып, укук коргоо органдарына 6-май күнү кайрылган.

«Ыкчам-издөө тобу уурдалган унаанын изин суутпай, Түп районундагы Арал айылынан тапты. Шектүү катары кармалган Түп айылынын 24, 53 жаштагы эки тургуну, Ак-Суу районунун 26 жаштагы тургуну унаанын ичинде спирт ичимдиктерин ичип отурган», — деп жазылат маалыматта.

Маалыматта алардын Каракол шаарында арак ичип отуруп, мас болуп калгандан кийин жакын жердеги короодо токтоп турган чакан автобусту айдай качышканы айтылат.

Аталган факты боюнча КРдин Кылмыш жана жаза кодексинин 172-беренеси (Унааны же башка автомототранспорт каражатын укукка жат түрдө ээлеп алуу) менен кылмыш иши колголуп, шектүүлөр убактылуу кармоо жайына киргизилди.