Ысык-Атада өспүрүм кызды зордуктоого аракет кылган шектүү изделүүдө

Автор -

“Ысык-Ата районунда жаш өспүрүм кызды зордуктоого аракет кылган” деп жарыяланган маалымат боюнча Чүй ОИИББы расмий билдирүү таратты.

Алардын маалыматына караганда, ушул жылдын 8-октябрь күнү Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү 48 жаштагы М.С. арыз менен кайрылып, 8-октябрь күнү болжол менен саат 08:55 чамаларында Кант шаарындагы үйлөрдүн биринин алдынан белгисиз эркек киши анын өспүрүм кызын зордуктоого аракет кылганын билдирген.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 39-161-беренелери (Зордуктоого аракет кылуу) боюнча катталып, тергөө кызматы тарабынан жогорудагы кылмышка шектүүнүн өздүгүн аныктоо жана кылмыштын бетин ачуу максатында тиешелүү кызматтарга көрсөтмөлөр берилип, зарыл болгон экспертизалар дайындалган.

Учурда милиция кызматкерлери тарабынан шектүү жарандын өздүгү аныкталып, анын жүргөн жерин тактоо жана кармоо үчүн ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Бөлүшүү