Лейлекте 31 тонна күйүүчү май ташып бараткан унаа сууга кулады

Автор -

Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айылындагы сууга 31 тонна күйүүчү май ташып бараткан унаа кулаган.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, кырсык күн мурун болжол менен түнкү саат 23:41 чамасында болгон. Жүк ташуучу унаа «Кушлук-Сай» каналынын көпүрөсү аркылуу бара жатып, сел агымына туруштук бере албай сууга кулаган.

«Окуя болгон жерге куткаруучулар келип, унаадагы күйүүчү майды сордуруп алганга жадам беришкен. Учурда жол кырсыгы боюнча милиция иликтөө иштери жүргүзүп жатат»,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, кечээ нөшөрлөп жааган жаандан улам Лейлекте сел жүрүп,  турак үйлөрдү суу каптаган.

 

Бөлүшүү