Сапар Исаков: Алмазбек Атамбаев баштаган бийлик өкүлдөрү таза иштеген

Автор -

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков УКМКга бүгүн экинчи ирет сурак берүүгө чакырылды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке кирип бара жатып журналисттерге экс-президент Алмазбек Атамбаев баштаган бийлик өкүлдөрү таза иштегенин билдирди.

«Алмаз Шаршенович жана ал менен иштеген команда абдан таза иштеген. Эч кандай коррупция жок. Команданын ичинде азыркы президент Сооронбай Жээнбеков да бар болчу. Ал дагы билет Алмаз Шаршенович коррупцияга малынбаганын таза иштегенин, түз жүргөнүн»,-деп билдирди Исаков.

Ошо менен бирге тергөө иштери саясаты жок жүрүшү керектигин жана баарына эл тараза экенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, 26-апрелде мурдагы премьер-министр Сапар Исаков УКМКга күбө катары чакырылган. Ушул эле күнү Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов  Сапар Исаковдун үстүнөн арыз жазган эле.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү