Күрөш боюнча Кыргызстандын курамасы кадеттер арасында өткөн Азия чемпионатында 8 медаль утушкан.
Күрөштүн дүйнөлүк бирикмесинен билдиришкендей, турнир Ташкентте 10нан 13-май күндөрү өтүп, ага 21 өлкөнүн мушкерлери катышкан.
Мелдеш эркектер жана аялдар арасында грек-рим жана эркин стилдери боюнча өткөн.
— 45 кг Акыйкат Гулжигит уулу — күмүш (грек-рим стили);
— 60 кг Элмирбек Садыров — коло (грек-рим стили);
— 65 кг Бакдаулет Эгембердиев — күмүш (грек-рим стили);
— 45 кг Мырза Жыргалбек уулу — коло (эркин күрөш);
— 51 кг Абдымалик Карачов — коло (эркин күрөш);
— 65 кг Стамкул Жаныбек уулу — коло (эркин күрөш);
— 71 кг Алинур Такиров – күмүш (эркин күрөш);
— 57 кг Сезим Жуманазарова — коло (аялдар күрөшү).
Жыйынтыгында КРдин байге куржунунда үч күмүш жана беш коло медаль бар.