Кулов: Сооронбай Жээнбеков Текебаевге ырайым кылып абактан бошотушу керек

Автор -

Бүгүн, 14-майда Бишкекте өтүп жаткан «Демократия жана саясий туткундар – бири-бирине коошпогон көрүнүш»  деп аталган иш-чара өтүп жатат. Жыйында саясий ишмер Феликс Кулов «Сооронбай Жээнбеков абактагы саясий туткундарга ырайым кылыш керек», — деген пикирин билдирди.

«Учурда абакта отурган адамдарды мен көптөн бери билем. Учурунда мен буларга карата сөз да айтып жүргөм, бирок буларды сөзү үчүн камак койгону туура эмес. Текебаевдин жана башка саясатчылардын камалганы атайын уюшулган», — деди Кулов.

Белгилей кетсек, буга чейин Акыйкатчы Кубат Оторбаев Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго Конституциянын кабыл алынганынын 25 жылдыгына жана Адам укуктары боюнча жалпы декларациянын кабыл алынганынын 70 жылдыгына карата Омурбек Текебаевге ырайым кылууну суранып, кайрылган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү