Иран президенти Хасан Роухани 12-майда Түркмөнстан ТИМ башчысын кабыл алуу учурунда Тегеран коңшу өлкөлөр, анын ичинде Түркмөнстан менен достук мамилени бекемдей турганын, бул үчүн кандайдыр бир тоскоолдуктар жок экенин айтты.
Иран президентинин айтымында, Түркмөнстан менен кызматташууну өнүктүрүүдөгү негизги приоритеттердин бири автоунаа жолдорун куруу болуп эсептелет. Бул тармакта иран компаниялары Түркмөнстанга инженердик-техникалык кызмат көрсөтө алышат. Роухани билим берүү жана илим, жогорку технологиялар, туризм багытындагы кызматташуулардын дагы маанилүү экенин белгиледи.
Түркмөнстан тышкы иштер министри Мередов өз кезегинде өлкө энергетикалык кызматташууга кызыктар экенин айтты. Эки мамлекет ТИМ башчыларынын жолугушуусунда инвестиция, газ келишими, газды экспорттоо маселелери талкууланды.
Иран ММКлары билдиргендей, тышкы иштер министри Решид Мередов баштаган түркмөн делегациясы 12-13-майда Иранга жумуш сапар менен барган.
Күн мурун Иран түркмөн газын Пакистанга жеткирүүдө ортомчулук кылууга даяр экенин билдирди.