Тажикстанда кыйноо үчүн жаза күчөтүлдү

Автор -

Тажикстанда кыйноого жана катаал мамиле жасоого күнөөлүү деп табылган адамдарга карата жаза күчөтүлдү. Өлкөнүн Кылмыш кодексине сунушталган тиешелүү өзгөртүүлөрдү тажик парламенти 16-октябрда кабыл алды.

Ага ылайык, күнөөлүүлөр эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылат. Мындан тышкары жаза мөөнөтү аяктагандан кийин алардын 15 жылга чейин белгилүү бир кызматтарда иштөөсүнө тыюу салынат.

Өлкөнүн Юстиция министрлиги өзгөртүүлөр Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) кыйноого каршы комитетинин сунуштарына жана Кыйноого каршы улуттук планга ылайык киргизилгенин билдирди.

Буга чейин өлкөнүн Кылмыш кодексиндеги «Кыйноо» беренесинде деле эки жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган. Бирок анда күнөөлүү адамдарга 20 миңден 50 миң сомониге (2-5 миң доллар) чейинки өлчөмдө айыппул төлөп жазадан кутулуу мүмкүндүгү берилчү.

Бөлүшүү