Жантөрө Сатыбалдиев менен Алтынбек Сулайманов кайым айтышты

Автор -

Бүгүн, 16-майда парламент жыйынындагы ЖЭБге байланыштуу талкууда Жантөрө Сатыбалдиев менен Алтынбек Сулайманов ортосунда кайым айтышуу болду.

Жыйында Сатыбалдиев; «ЖЭБди жаңы жерге курганда арзан түшмөк», — деп билдирди.

«Инвестиция алып келингенине биздин өкмөт жооп берет. Кабыл алууга ошол учурдагы өкмөт жооп берсин. Биздин документте кычкач сыяктуу нерселер көрсөтүлгөн эмес. Демонтаж иштерине да акча кетти. Жаңы жерге курсак, аз акча кетет эле. Биз салыштырмалуу түрдө кошуна өлкөлөрдүкүнөн арзан акчага курганбыз», — деди Сатыбалдиев.

Сатыбалдиевдин бул сөзүнө депутат Алтынбек Сулайманов каршы пикир айтты.

«Жантөрө Жолдошевич «жаңы ЖЭБди курганда арзан болот эле» деп жатат. Жантөрө Жолдошевич аябай акылдуу да. Бул жактагылар базардан келгенбиз, эсепти билбейбиз да. Мына биздин ишенген адамыбыздын логикасын карагыла. Анда эмнеге жаңы жерге курбадыңар», — деди Сулайманов.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү