Момбеков: ЖЭБ боюнча Атамбаев менен Жээнбеков да келип жооп берсин

Автор -

Бүгүн, 16-майда парламент жыйынындагы ЖЭБге байланыштуу талкууда депутат Рыскелди Момбеков депутаттарды сынга алды.

«Бул жерде чыныгы сурак болуп жатат. Депутаттар «базарком» десе арданасыӊар. Арабызда бирден базарлары барлар отурат. Баарыбыз бири-бирибизди күнөөлөп жатып калдык. Бул жерде экс-президент Алмазбек Атамбаевдин да азыркы президент Жээнбековдун да аты аталды. Андыктан аларды да чакыргыла. Келип ЖЭБ боюнча суроолорго жооп берсин»,-деди депутат.

Ошо менен бирге ал ; «ЖЭБтеги насоско ыраазычылыгымда айтам. Ал болбогондо айрым адамдардын бети ачылмак эмес»-деп билдирди.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү