Жээнбеков: Менин дарегиме келген кайрылуулардын 70% сотторго байланыштуу

Автор -

Бүгүн Бишкектеги «Ала-Арча» резиденциясында президенттин алдындагы Соттук реформа боюнча кеңештин жыйыны болуп өттү.

Кеңештин мүчөлөрү мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында өлкөнүн сот системасында жасалган иштеринин жыйынтыгы, актыкчылыктуу багыттары жана келечегин талкуулашууда.

Кеңештин жыйынын ачып жатып, президент өлкө жарандарынын соттордун дарегине карата айтылган ой-пикирлерин айтты.

«Мен эл менен жолукканда соттордун адилетсиздигине нааразылыгын билдиришет. Менин дарегиме келген 70% кайрылуулардын да ушул маселе боюнча»,-деп билдирди Жээнбеков.

Ал билдиргендей, сот органын реформалоо – бүгүнкү күндө мамлекеттин эң башкы көйгөйү болуп калды, соттук-укуктук реформаны жөнгө салган негизги 17 кодекс жана бир нече мыйзамдар кабыл алынган.

«Бирок эл тез аранын ичинде ачык-айкын жана көз карандысыз соттук системаны орнотууну талап кылууда. Сот реформасын тездетүү өлкө үчүн абдан маанилүү, ошондуктан бүгүнкү кеӊештин жыйыны реформаларга кошумча жаӊы импульс бериши керек»,-деп мамлекет башчысы катышуучуларга кайрылды.

 

Бөлүшүү