Сооронбай Жээнбеков: Энелер алдында ар бирибиздин парзыбыз да, милдетибиз да чоң

Автор -
203

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан аялдарын Энелер күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Кадырман апалар!

Адам баласына өмүр берген апаларыбыздын  расмий майрамы – Энелер күнү  менен чын дилимден  куттуктайм!

Эзелтен элибиз энеге өзгөчө мамиле жасап, энени үйдүн куту, коломто ээси, жашоонун булагы катары ыйык тутуп келген. «Дүйнөнүн түркүгү – энелер» деп айтылат элибизде.

Жашоонун башаты эне мээриминде, эненин балага болгон улуу сүйүүсүндө. Эне сүтү – ыйык. Энелерибиздин бешик ыры ар бирибиздин жүрөгүбүздө түбөлүккө жаңырып турат. Адам баласына жарык дүйнө тартуулоо менен, энелер бардык жакшы касиеттерди ыроолойт.

Бүгүн биз Сиздерге бардык жакшы тилектерди, таза ниетибизди, сөздүн берметин арнагыбыз келет. Сиздер сый-урматка, жылуу мамилеге, ар тараптуу колдоого татыктуу деп билебиз. Энелер алдында ар бирибиздин парзыбыз да, милдетибиз да чоң.

Сиздердин мээримиңиздерди, мээнетиңиздерди талыкпаган адал эмгек, таза ниет менен гана актай алабыз.

Сиздерди дагы бир ирет Энелер күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм. Баардыгыңыздарга ачык асман, узун өмүр, бакубат жашоо, чексиз бакыт каалайм!»

 

Бөлүшүү